Бишкек, 28.07.26 /Кабар/. Бишкек шаарынын Биринчи Май районундагы Чүй проспекти, 134 дарегинде жайгашкан имараттын фасадын оңдоо жана калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө.
Муниципалитеттен билдиришкендей, аталган иштердин алкагында фасаддын шыбак катмары оңдолуп, анын айрым элементтери калыбына келтирилет, имарат сырдалат, ошондой эле объекттин техникалык абалын жакшыртууга, сырткы көрүнүшүн жаңылоого жана архитектуралык өзгөчөлүктөрүн сактоого багытталган башка зарыл иштер аткарылат.
Фасаддын көркөм жасалгасына өзгөчө көңүл бурулууда. Учурда имараттагы муралдын техникалык абалы канааттандырарлык эмес деп баалангандыктан, оңдоо жана калыбына келтирүү иштеринин жүрүшүндө ал сырдалып жабылат.
Ошону менен катар, учурда муралды кайрадан калыбына келтирүү жана жаңылоо маселеси боюнча долбоордун мурдагы демөөрчүлөрү жана авторлору менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө.