Мамкатчы: Табылды Актанов кыргыз маданиятынын өнүгүшүнө зор салым кошту

Коом 12 ноябрь 2025 14:32
581243750_1394586229342674_634884447830695362_n.jpg
579679843_1394586232676007_1921538405131375578_n.jpg
Алдыга
Артка
581243750_1394586229342674_634884447830695362_n.jpg
579679843_1394586232676007_1921538405131375578_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин администрациясы

Бишкек, 12.11.25. /Кабар/. Мамлекеттик катчы Марат Иманкулов бүгүн, 12-ноябрда Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында өткөн Табылды Актановдун 75 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чарага катышты.

Мамлекеттик катчы өз сөзүндө Табылды Актанов манасчы, акын, актер, режиссер жана композитор катары көп кырдуу таланты менен кыргыз маданиятынын жана искусствосунун өнүгүшүнө зор салым кошконун белгиледи.

Ал Табылды Актановдун чыгармачылыгы улуттук театр менен кинематографиянын өнүгүшүнө маанилүү түрткү болуп, элдин руханий дүйнөсүн байытып, искусстводо терең из калтырганын баса белгиледи.

Ошондой эле анын сахналык образдары, обондору жана пьесалары кыргыз искусствосунун алтын фондунан татыктуу орун алганы белгиленди.

Иманкулов чебердин тынымсыз чыгармачылык изденүүлөрүн, элге чексиз берилгендигин жана улуу мурасты ишенимдүү улап келе жатканын жогору баалады.