Бишкек, 23.07.25. /Кабар/. Бүгүн тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев Россиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов менен жолукту.
Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстандын жарандарын Россиянын аймагында болуу маселелери боюнча кеңири пикир алышты.
Эмгек мигранттарын Россияга жөнөтүү алдында даярдоо маселелерине, ошондой эле Кыргызстандан чыгып кетүүдөн мурун сүрөткө тартуу, дактилоскопия жана медициналык кароодон өткөрүү жол-жоболорун өлкө ичинде уюштуруу мүмкүнчүлүгүнө өзгөчө көңүл бурулду.
Ошондой эле Россияда көзөмөлдөгү адамдардын реестрине киргизилген Кыргызстандын жарандарынын миграциялык абалын мыйзамдаштыруу механизмин ишке ашыруу маселелери талкууланды. Бул жагдайда кыргыз тарап Россиянын миграциялык борборлоруна кайрылуулар кескин көбөйүп, узун кезектер пайда болуп жаткандыгына байланыштуу ИИМдин аймактык бөлүмдөрүндө документтерди кабыл алуу үчүн кошумча терезелерди ачуу өтүнүчү менен кайрылды. Ошондой эле Кыргызстандын консулдук кызматкерлери менен аталган түзүмдөрдүн жетекчилиги ортосунда түз кызматташтык, өз ара аракеттенүүнү уюштуруунун маанилүүлүгү белгиленди, бул маселелерди жеринде ыкчам чечүүнү мүмкүн кылат.
Мындан тышкары, жарандардын жашаган дареги боюнча миграциялык каттоого туруу маселелери, ошондой эле Кыргызстандын жарандарынын балдарын Россиянын билим берүү мекемелерине киргизүүдө орус тилин билүү деңгээли боюнча милдеттүү тест тапшыруу маселелери талкууланды. Кыргыз тарап мындай тестирлөөнү Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын мекемелеринде өткөрүү мүмкүнчүлүгүн кароону сунуш кылды.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар конструктивдүү диалог жүргүзүүгө даярдыгын жана Кыргызстандын жарандарынын Россиянын аймагында жүрүүсүн жеңилдетүүгө багытталган аракеттерди мындан ары да биргелешип координациялоону макулдашты.