Бишкек, 28.11.25. /Кабар/. ЖККУнун башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов Кыргызстандын ЖККУдагы төрагалыгына жогору баа берип, анын жоопкерчиликтүү жана конструктивдүү мамилесин маалымат жыйында белгиледи.
Анын айтымында, бир жыл мурда президент Садыр Жапаров тарабынан белгиленген бардык артыкчылыктар ийгиликтүү ишке ашырылды.
“Саммиттин негизги жыйынтыгы мүчө мамлекеттердин лидерлеринин ЖККУнун принциптерине жана максаттарына берилгендиктерин ырастоосу жана жамааттык коопсуздукту чыңдоого багытталган бир катар документтерди кабыл алуу болду. Жамааттык коопсуздук кеңешинин отурумунда өзгөчө көңүл ЖККУнун жоопкерчилик аймагындагы аскердик-саясий кырдаалды жана өсүп жаткан гибриддик коркунучтарды талкуулоого бурулду”,- деди ал.
Белгилей кетсек, кечээ Бишкекте ЖККУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын катышуусунда Жамааттык коопсуздук кеңешинин жыйыны өтүп, уюмдун ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы чыгарылды.