Имандос Бектенов ок атуу спорту боюнча Дүйнө кубогунда күмүш медаль жеңди

Спорт 23 Май 2025 10:55
499206380_18357642490196946_3934465632254390265_n.jpg
499879412_18357642499196946_8809740779423916354_n.jpg
Алдыга
Артка
499206380_18357642490196946_3934465632254390265_n.jpg
499879412_18357642499196946_8809740779423916354_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги

Бишкек, 23.05.25./Кабар/. Кыргызстандын ок атуу спорту боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Имандос Бектенов Дүйнө кубогунда 2-орунду ээледи.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, мелдеш Германиянын Зуль шаарында өтүүдө.

Имандос Бектенов квалификациялык бөлүктө 579 упай топтоп, экинчи орунду ээлеп финалга чыккан. Ал эми финалдык беттеште 240.2 упай топтоп, күмүш медалга ээ болду.

Эске салсак, 19-май күнү башталган мелдеш 25-майда жыйынтыкталат.