Имамдардын квалификациясын жогорулатуу курстары ноябрда башталат – Эргешов

Коом Загрузка... 17 Сентябрь 2025 09:38
WhatsApp Image 2025-09-17 at 09.27.15.jpeg
copyright icon WWW

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 17.09.25. /Кабар/. Кыргызстандагы 2500 мечиттин баш имам хатиб жана имамдарын окутуучу 72 сааттык квалификация жогорулатуу курстары ноябрь айынын алгачкы жумасында башаталат. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине теология боюнча Ph.D доктор, Ислам академиясынын ректору Эрмарат Эргешов билдирди.

Анын айтымында, окууларды уюштуруу Ислам академиясы, президентке караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттик жана Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы менен макулдашуунун негизинде ишке ашууда.

“Ушул жылдын ноябрь айынын алгачкы жумасында президентке караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиги жана Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы менен биргеликте курстар уюштурулуп, бир айдын ичинде 40 имамды окутуу пландалган. Бир жылдын 2 айы эс алуу болсо, 10 айга имамдарды окутуу боюнча план бергенбиз”, - деди Эргешов.

Эскерте кетсек, дин таануу багытында жогорку деңгээлде билим берүүгө багытталган Ислам академиясынын ачылышында имамдардын квалификациясын жогорулатуу курстары уюштурулаарын президент Садыр Жапаров билдирген.