Бишкек 31.05.25 /Кабар/. Кыргыз журтуна Ч.Айтматовдун “Кызыл жоолук жалжалым” (“Делбирим”) повестинин негизинде тартылган “Мен - Тянь-Шань” фильминдеги Аселдин образы менен таанымал, сүрөтчү жана педагог Динара Чочунбаева дүйнө салды. Бул тууралуу Сүрөтчүлөр союзунан билдиришти.
Динара Чочунбаева 1956-жылдын 5-сентябрда Фрунзе шаарында төрөлгөн. 1971-жылы көркөм сүрөт окуу жайынын декоративдик бөлүмүн жана 1978-жылы Москва полиграфиялык институтунун басма продукциясын көркөм тариздөө бөлүмүн аяктаган.
Ал ошондой эле Оймо” салттуу маданият жана кол өнөрчүлүк эл аралык фестивалынын башкы директору, Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү, кол өнөрчүлүктү өнүктүрүү боюнча изилдөөчү жана эл аралык эксперт, ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурасы боюнча эксперти, Азия-Тынч океан регионунун Кол өнөрчүлүк кеңешинин Борбор Азия боюнча мурунку вице-президенти болгон.
Динара Чочунбаева - Кыргыз Республикасынын эл агартуусунун отличниги”, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери” наамдарынын ээси, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Ардак грамотасы жана КМШ өлкөлөрүнүн мамлекеттер аралык “Шериктештик жылдызы” сыйлыктары менен сыйланган.
“Кабар” улуттук маалымат агенттигинин жалпы эмгек жамааты сүрөтчүнүн жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.