Бишкек, 01.10.26. /Кабар/. Кыргызстанда “Илимдеги кыздар” (STEM4Girls) долбоорунун үчүнчү фазасы башталып, алдыдагы этапта 100 миңден ашык кыздарды жана 2 миң 500 мугалим менен ата-энени камтуу максаты коюлду. Бул тууралуу ЮНИСЕФтин Жаштар саясаты жана билим берүү тармагы боюнча адиси Айжан Абдесова билдирди.
Анын айтымында, “Илимдеги кыздар” долбоору 5 жылдан бери иштеп келе жаткан ийгиликтүү долбоорлордун бири болуп, буга чейин ага 50 миңге жакын кыздар катышкан.
“Бүгүнкү иш-чарага 250дөй киши катышып жатат. Бул 11-октябрь — Эл аралык кыздар күнүнө карата уюштурулган “Илимдеги кыздар” долбоорунун үчүнчү фазасынын расмий ачылышы. Биз октябрь айын кыздарга, илимге, билимге жана искусствого арноо максатында иш-чараларды 1-октябрдан баштап жатабыз”, - деди Абдесова.
Маалымдалгандай, иш-чарага 180 окуучу, 20 ыктыярчы, студенттер, жеке сектордун өкүлдөрү, ошондой эле бир катар элчиликтердин өкүлдөрү катышууда.
“Бүгүн жаштар менен мамлекеттин ортосундагы көпүрө болгон U-Report санариптик платформасы аркылуу жаңы сурамжылоо башталды. Анда кыздар менен балдардын спортко жана илимге катышуусуна, ошондой эле өзүн өнүктүрүүсүнө канчалык мүмкүнчүлүктөрү бар экени изилденет”,-деди ал.
Бул долбоорго катышууну каалагандар үчүн бардык маалыматтар ЮНИСЕФтин, Агартуу министрлигинин, ошондой эле Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин социалдык тармактардагы расмий баракчаларында жарыяланып тураары кошумчаланды.