ИКУга мүчө өлкөлөр экономикалык биримдикти чыңдоо маселесин талкуулады — Кабар

ИКУга мүчө өлкөлөр экономикалык биримдикти чыңдоо маселесин талкуулады

Саясат 4 ноябрь 2025 17:55
d1da8701-dc39-380d-9569-57dfa531d0c0.jpeg
57d3276c-013f-337e-b73b-1ec90812cdb3.jpeg
3a88a4d3-f0ac-3770-a457-95d6cca4e777.jpeg
Алдыга
Артка
d1da8701-dc39-380d-9569-57dfa531d0c0.jpeg
57d3276c-013f-337e-b73b-1ec90812cdb3.jpeg
3a88a4d3-f0ac-3770-a457-95d6cca4e777.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 04.11.25. /Кабар/. 1-4-ноябры күндөрү Стамбул шаарында Ислам кызматташтык уюмунун (ИКУ) курамындагы Экономикалык жана соода кызматташтык боюнча туруктуу комитеттин 41-министрлер жыйыны өттү.

ТИМден билдиришкендей, иш-чарага Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев жетектеген кыргыз делегациясы катышты.

Жыйынды Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган ачты. Быйылкы жыйындын негизги темасы — “ИКУга мүчө өлкөлөрдө экспорт стратегияларын өнүктүрүү жана өркүндөтүү” болду.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучу мамлекеттер сооданы жеңилдетүү, жеке секторду өнүктүрүү, финансылык кызматташтыкты тереңдетүү, санариптик жактан алдыга жылуу, айыл чарбадагы өндүрүмдүүлүктү жогорулатуу жана туруктуу туризмди илгерилетүү сыяктуу маселелерди талкуулады.