Бишкек, 24.07.26. /Кабар/. Ички иштер министрлигинде 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы ички иштер органдарынын ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарууга арналган коллегия өтүүдө.
Ведомстводон маалымдашкандай, жыйындын алкагында ички иштер органдарынын ишинин негизги багыттары боюнча жетишкендиктер жана мындан аркы милдеттер талкууланууда.
Иш-чаранын алдында милициянын участкалык ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө 102 кызматтык унаа тапшырылды. Алар жарандардын кайрылууларына ыкчам жооп кайтарууну жакшыртуу жана кызматкерлердин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында берилди.
Белгилей кетсек, унаалар кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 102 жылдыгынын алдында тапшырылды.