ИИМде үй-бүлөлүк зомбулук жөнүндөгү тасма көрсөтүлдү

Коом Загрузка... 19 Сентябрь 2025 00:55
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 18.09.25 /Кабар/. Күн мурун Ички иштер министрлигинде “Белгисиз окуя” тасмасы жабык чөйрөдө көрүүчүлөргө тартууланды.

Ага аталган министрликтин, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, маданият кызматкерлери, активисттер ж.б. катышты.

Ата мекендик киноиндустрия өкүлдөрү тарабынан тартылган бул психологиялык драма ИИМдин колдоосу менен тартылып, анда коомдогу актуалдуу үй-бүлөлүк зомбулук темасы чагылдырылган.

Жабык көрсөтүү учурунда кинофильмдин режиссеру жана сценаристи Эрик-Эркинбек Ибраев “Адамды жазалоо менен өзгөрүүнү күтүүгө болбойт. Жогорудагыдай тасмалар дагы адамдын өзүнө сырттан байкап, тасманын кайсы бир жерлеринен өзүн көрүп, туура чечим чыгарышына өбөлгө түзөт. Балким, ошондо коомдо байма-бай таралып жаткан зордук-зомбулуктар туурасында маалыматтар азайып, тынч жашап каларбыз”,-деп билдирди.

Ал эми ИИМ башчысынын орун басары Октябрь Урманбетов өлкө жетекчилиги астында жана ИИМ тарабынан үй-бүлөлүк зомбулуктун жана жаш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча жасалып жаткан ар тараптуу иштерге токтолуп жатып, "бүгүн сиздердин назарыңыздарга тартууланган кино тасма дагы жогоруда аталган үй-бүлөлүк зомбулук көйгөйүн, андан келип чыккан терс кесепеттерди чагылдырып, буларга болгон терс көз караштарды калыптандырып, элдин аң-сезимин жогорулатат деген терең ишеничтемин”,-деп кошумчалады.

Тасма 16-октябрдан тарта кыргыз жана орус тилдеринде көрсөтүүгө чыгарылат.

Башкы ролдордо - Марат Амираев, Бибигүл Актан жана Анвар Осмоналиев.