ИИМ жети айда 2,1 миңден ашуун алдын алуу иш-чарасын өткөрдү

Коом 143 13 Август 2026 17:40
761964420_1444144674401196_5959049955949196777_n.jpg
copyright icon ИИМ

Бишкек, 13.08.26. /Кабар/. Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы тарабынан 2026-жылдын жети айында баңгизаттарды колдонуунун жана мыйзамсыз жүгүртүүнүн алдын алуу боюнча 2 100дөн ашуун иш-чара өткөрүлдү.

Ведомствонун маалыматына караганда, анын ичинде окуучулар, студенттер жана ата-энелер үчүн 600дөн ашуун лекция жана маалыматтык жолугушуу, сергек жашоо образын жайылтуу максатында 60 спорттук иш-чара уюштурулду.

Ошондой эле жарандар көп чогулган жайларда, дарыканаларда жана көңүл ачуучу жайларда 1 300дөн ашуун рейд өткөрүлдү.

ИИМ профилактикалык иштерди улантып, калктын укуктук сабаттуулугун жогорулатууга жана баңгизаттардын жайылышын алдын алууга багытталган чараларды күчөтүүдө.