Бишкек, 18.07.25. /Кабар/. Ички иштер министрлиги жарандарды сууга түшүүдө коопсуздук чараларын сактоого чакырат.
Жайкы мезгилде көптөгөн жарандар көлмөлөрдө эс алууну көздөшөт, бирок коопсуздук чараларын дайыма эле сактай беришпейт.
Ички иштер органдарынын кызматкерлери башка мамлекеттик түзүмдөр менен биргеликте эс алуучуларга сууда коопсуз жүрүм-турум эрежелери тууралуу маалымдашып, алдын алуу иштерди жигердүү жүргүзүп жатышат.
Кырсыктарды алдын алуу максатында милиция дайыма эскертип турат:
- Куткаруучулар нөөмөттө турган атайын жабдылган жерлерде гана сүзүү-бул зарыл болгон учурда өз убагында көмөк көрсөтүүгө жардам берет;
- Атайын белги коюлган аймактан алыс сүзбөңүз, мас болуп сууга кирбеңиз, күчүңдү ашыкча баалабаңыз;
- Кайдигер болбоңуз-өмүрүңүздү жана ден соолугуңузду сактаңыз;
- Балдар чоңдордун көзөмөлү астында жана уруксат берилген жерлерде гана сүзүшү керек. Эч качан балаңызды суунун жанында жалгыз калтырбаңыз;
Бардык жарандарды өтө жоопкерчиликтүү болууга, сунуштарды аткарууга жана коопсуз жүрүм-турумдун жеке үлгүсүн көрсөтүүгө чакырабыз.
Эсте болушу керек: Бишкектеги жана башка региондордогу дарыялар жана каналдар сууга түшүүгө ылайыкталган эмес. Мындай суу объектилери олуттуу коркунучтарды жаратат.