ИИМ: Учурда бузуулар тууралуу 79 билдирүү келип түштү

Шайлоо Загрузка... 30 Ноябрь 2025 19:45
photo_5280633561855757546_y (1).jpg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 30.11.25 /Кабар/. Учурда Ички иштер министрлигине бузуулар тууралуу 79 билдирүү келип түштү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынын жетекчиси Султан Макилов брифинг учурунда билдирди.

Ал учурда министрлик күчөтүлгөн тартипте иштеп жатканын билдирди.

“Акыркы сааттарда 27 билдирүү келип түштү. Анын ичинен Бишкек шаарынан – 28, Чүй облусунан – 15, Ысык-Көл, Нарын, Ош шаары жана облусу боюнча – 6дан, Жалал-Абад облусунан – 5, Талас облусунан - 2 жана Баткен облусунан - 5 маалымат келип түштү. Маалыматтардын баары дыкаттык менен каралып, текшерилип жатат. Одоно мыйзам бузуулар жок. Алдыда кошумча маалыматтар берилип турат”,-деди Макилов.