ИИМ: Шайлоодон кийин башаламандык даярдап жаткандар кармалды

Укук тартиби 23 ноябрь 2025 10:52
FB_IMG_1763873045052.jpg
FB_IMG_1763873042370.jpg
FB_IMG_1763873023767.jpg
FB_IMG_1763873079749.jpg
FB_IMG_1763873077204.jpg
FB_IMG_1763873061308.jpg
FB_IMG_1763873057411.jpg
FB_IMG_1763873055323.jpg
FB_IMG_1763873053217.jpg
FB_IMG_1763873036225.jpg
FB_IMG_1763873026183.jpg
FB_IMG_1763873040109.jpg
FB_IMG_1763873028287.jpg
FB_IMG_1763873051085.jpg
FB_IMG_1763873049016.jpg
FB_IMG_1763873047023.jpg
FB_IMG_1763873020002.jpg
FB_IMG_1763873021908.jpg
FB_IMG_1763873017933.jpg
Алдыга
Артка
FB_IMG_1763873045052.jpg
FB_IMG_1763873042370.jpg
FB_IMG_1763873023767.jpg
FB_IMG_1763873079749.jpg
FB_IMG_1763873077204.jpg
FB_IMG_1763873061308.jpg
FB_IMG_1763873057411.jpg
FB_IMG_1763873055323.jpg
FB_IMG_1763873053217.jpg
FB_IMG_1763873036225.jpg
FB_IMG_1763873026183.jpg
FB_IMG_1763873040109.jpg
FB_IMG_1763873028287.jpg
FB_IMG_1763873051085.jpg
FB_IMG_1763873049016.jpg
FB_IMG_1763873047023.jpg
FB_IMG_1763873020002.jpg
FB_IMG_1763873021908.jpg
FB_IMG_1763873017933.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Ички иштер министрлиги

Бишкек, 23.11.25. /Кабар/. Жогорку Кеңешке шайлоодон кийин массалык башаламандыктарды уюштурууну көздөгөн деструктивдүү топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын курамына саясий ишмерлер, экс- депутаттар, мурдагы мамлекеттик кызматкерлер жана күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери катышып, алар провокация жана күч кагылышуулары үчүн өз тарапташтарын, уюшкан кылмыштуу топторду жана спорттук бирикмелерди кошуп тартышкан.

Кармалгандар шайлоонун жыйынтыгы чыккандан кийин түштүктөн баштап Бишкекте жана башка облустарда массалык нааразылыкты жаратып , өлкө боюнча бир катар митингдерди мерчемдешкен. Анда Конституцияга каршы чакырыктар, ошондой эле административдик имараттарды, телеканалдарды, күч түзүмдөрүнүн объекттерин, курал-жарактарды жана пенитенциардык системанын мекемелерин басып алуу ыктымалдыгы болгон.

Топтун так иерархиясы жана ролдордун бөлүштүрүлүшү дагы болгон. "Координациялык топтор" саясий талаптарды коюуга тийиш болсо, кылмыштуу түзүмдөр күч колдонуу жагын камсыздамак. Айрым катышуучулар өздөрү үчүн келечектеги кызмат орундарын алдын ала бөлүштүрүп алышкан.

Тинтүү учурунда курал-жарактар, ок-дарылар, гранаталар, байланыш каражаттары, 150 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражаттары, тополоңду каржылоо боюнча документтер, иш-аракеттер пландары жана баңги каражаттар алынган.

Жалпысынан он адам кармалган: 1963-жылы туулган А.У., 1998- жылы туулган С.Т., 1979-жылы туулган АШ., 1983-жылы туулган Э.Э., 1984-жылы туулган М.Д., 1986- жылы туулган Ш.Т., 1993-жылы туулган А.К., 1993-жылы туулган А.у.Э , 1993-жылы туулган К.Н. жана 1970-жылы туулган К.Кга Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 1-бөлүгү (Зомбулук, талкалоо, өрттөө ж.б менен коштолгон массалык башаламандыкты уюштурууга даярдык көрүү) боюнча айыбы угузулуп, фигуранттар убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда кылмыш ишинин алкагында топтун башка катышуучуларын жана анын ишмердүүлүгүн каржылагандарды аныктоо боюнча бир катар тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүп жатканы айтылды.