Бишкек, 18.11.25. /Кабар/. 30-ноябрда өтө турган Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо учурунда мыйзам бузууга жол берилбейт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Министрлик шайлоо учурунда жарандарды, талапкерлерди, саясий партиялардын өкүлдөрүн жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн мыйзамдын талаптарын так сактоого чакырат.
"Шайлоо учурунда добуш сатып алуу жана башка ушул сыяктуу мыйзам бузууларга катуу чаралар көрүлөт", - деп айтылат маалыматта.
Белгиленгендей, ички иштер органдары тарабынан шайлоо алдындагы жана шайлоо күнүндөгү коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоого, ошондой эле шайлоо мыйзамдарынын бузулушу боюнча ар бир фактыга ыкчам чара көрүлүүдө.
"ИИМ жарандарды мыйзамды сактоого жана атуулдук милдеттерин жоопкерчилик менен аткарууга чакырып, шайлоо мыйзамдуулук, адилеттүүлүк жана ачыктык шартында өтүшү керектигин эскертет",-деп айтылат маалыматта.