ИИМ министри: Туристтик мезгилге коопсуздук чаралары толук даяр

Коом Загрузка... 30 Май 2025 14:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Ички иштер министрлиги

Бишкек, 30.05.25. /Кабар/. Бүгүн, 30-майда Чолпон-Ата шаарында Ички иштер органдарынын өздүк курамынын туристтик мезгил учурундагы коомдук коопсуздукту камсыздоо даярдыгын текшерүү максатында гарнизондук бөлүштүрүү өттү.

ИИМден билдиришкендей, гарнизондук бөлүштүрүүгө ИИМ министри Улан Ниязбеков, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, облустук жетекчилер жана ички иштер органдарынын өкүлдөрү катышты.

Ниязбековдун айтымында, бардык туристтик аймактарда ички иштер органдарынын жооптуу кызматкерлери дайындалып, укук бузууларга каршы чаралар күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлөт.

  • “Туристтик-экологиялык батальон” түзүлүп, бир нече тилде сүйлөгөн, атайын даярдыктан өткөн офицерлер кызмат өтөйт;
  • 5000ден ашык милиция кызматкери жана 1000ден ашык элдик кошуундун мүчөсү коомдук тартипти камсыздоого тартылат.
  • Туристтерге ыңгайлуу шарт түзүү үчүн 4 тилде кызмат көрсөткөн 24 сааттык Call борбору иштей баштады;
  • Жаңы техникалар – жолтандабастар, квадроциклдер, катерлер жана башка жабдуулар көрсөтүлүп, кызматкерлердин даярдыгы текшерилди.

ИИМдин жетекчилиги жайкы сезондо коопсуздукту камсыз кылуу үчүн бардык зарыл чаралар көрүлгөнүн баса белгиледи.

"ИИОнун өздүк курамына күн сайын мыйзамдуулукту жана кызматтык тартипти сактоо, жарандар, анын ичинде чет өлкөлүктөр менен маданияттуу, сылык мамиле жасоо жөнүндө нускамалар өтүүлүүдө",-деп айтылат маалыматта.