ИИМ үй-бүлөлүк зомбулук учурларын маалымдоого чакырды

Коом 3 октябрь 2025 15:00
ИИМ үй-бүлөлүк зомбулук учурларын маалымдоого чакырды

Бишкек, 03.10.25. /Кабар/. Ички иштер министрлиги жарандарды үй-бүлөлүк зомбулукка кабылса, тезинен укук коргоо органдарына кайрылууга чакырган СМС билдирүү таратты.

Министрликтин билдирүүсүндө физикалык, психологиялык, экономикалык зордук-зомбулукка, жаман мамилеге, аңдууга күбө болгон же жапа чеккен жарандар дароо 102 кызматына кайрылуусу керектиги айтылат.

Министрлик белгилегендей, үй-бүлө мүчөлөрүнө же жакын туугандарына зордук-зомбулук көрсөтүү мыйзам чегинде жоопкерчиликке, анын ичинде камакка алууга чейин алып барат.

"Эгер сиз же сиздин жакындарыңыз үй-бүлөлүк зомбулукка кабылып жатса, унчукпай отурбаңыз! Жардам жаныңызда!", - деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.