ИИМ добуш сатып алуу боюнча 9 кылмыш ишин козгоду

Шайлоо Загрузка... 30 Ноябрь 2025 10:40
WhatsApp_Image_2025_D2kqb4n.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Кабар

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 30.11.25. /Кабар/. ИИМ добуш сатып алуу фактысы боюнча 9 кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Султан Макилов билдирди.

Ал белгилегендей, шайлоо өнөктүгү башталгандан бери укук бузуулар жөнүндө 256 маалымат келип түшкөн.

“9 фактынын негизинде добуш сатып алуу боюнча кылмыш иши козголду. Анын ичинен Бишкек шаары боюнча – 5, Чүй облусу – 2, Жалал-Абад – 2. Учурда тергөө иштери уланууда", - деди ал.