ИИМ чет өлкөлүктөргө миграциялык мыйзамдар тууралуу маалымат берди

Коом Жүктөлүүдө... 10 Июль 2026 12:05
741968646_997189206474319_8979225186014889381_n.jpg
741705234_1342257670735410_7989746879056168010_n.jpg
742771220_997521863126344_4632297055024960211_n.jpg
743118350_1055949403434609_4420992911276370877_n.jpg
742020290_1353041240261117_3298302060623604452_n.jpg
742267151_1332842958510021_8890003361177221651_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon ИИМ

Бишкек, 10.07.26. /Кабар/. Чет өлкөлүк жарандар арасында алдын алуу жана түшүндүрүү иш-чаралары өткөрүлдү. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын башкы максаты өлкөдөгү коомдук-саясий туруктуулукту сактоо, улуттар аралык ынтымакты чыңдоо жана чет өлкөлүктөр менен жергиликтүү калктын ортосундагы мүмкүн болгон чыр-чатактарды алдын алуу болуп саналат.

Чет өлкөлүк жарандарга миграциялык мыйзамдардын талаптарын аткаруу, коомдук тартипти бузбоо жана укук бузуулардын алдын алуу боюнча кеңири маалымат берилди.

Милиция кызматкерлери акча которуу, ортомчулук кызматтар, жумушка орноштуруу жана мүлк сатып алуудагы ар кандай алдамчылык схемалары тууралуу өзгөчө эскертишти. Шектүү сунуштарга ишенбей, сак болуу сунушталды.

ИИМ жарандыгына карабастан, өлкө аймагындагы ар бир инсанды Кыргызстандын мыйзамдарын так сактоого жана мыйзамсыз аракеттерге туш болгон учурда дароо милицияга кайрылууга чакырат.