ИИМ: Былтыр өлкөдө үй-бүлөлүк зомбулуктун 17 миңден ашуун учуру катталды

Укук тартиби Загрузка... 07 Февраль 2025 17:29
WhatsApp Image 2025-02-07 at 14.22.57.jpeg
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 07.02.25. / Кабар/. Кыргызстанда 2024-жылы ички иштер органдарынын маалыматты каттоо электрондук журналына 17 миң 316 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталды. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу бөлүмүнүн башчысы Данияр Сапарбаев билдирди.

Ал белгилегендей, бул 2023-жылга салыштырмалуу 32,1 %га же 4 миң 212 учурга көп. Соңку жылдары Кыргызстанда аялдар жана балдарга карата үрөй учурган зомбулук фактылары катталууда. Зомбулукка кабылган адамдарга 14 миң 362 убактылуу коргоо ордери берилген – анын 13 миң 663ү аялдарга, 699у эркектерге.

“Тилекке каршы үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккендердин саны күндөн-күнгө өсүүдө. Буга байланыштуу бүгүнкү күндө Ички иштер министрлигинде үй-бүлөлүк зомбулук боюнча маалыматтарды каттоо үчүн атайын бөлүм түзүлдү. Бул албетте, учурда үй-бүлөлүк зомбулукка өзгөчө көңүл бурулуп жаткандыгынан кабар берет. Зомбулук жасаган адамдын мындан ары кайталабашы үчүн анын жүрүм-турумун көзөмөлгө алып туруу күчөтүлдү. Ошондой эле коргоо ордери буга чейин 3 күнгө берилип келсе, эми 30 күнгө берилет”,-деди Сапарбаев.