Бишкек, 30.11.25 /Кабар/. Акыркы саааттарда Ички иштер министрлигине 27 маалымат түшүп, бирок одоно мыйзам бузуулар катталган жок. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Султан Макилов брифинг учурунда билдирди.
Ал белгилегендей, негизинен жер-жерлердеги шайлоолор тынч өтүүдө.
“Акыркы сааттарда 27 маалымат келип түштү. Анын ичинен Бишкек шаарынан – 8, Чүй облусунан – 6, Ысык-Көл облусунан – 5, Ош облусунан – 1, Жалал-Абад облусунан – 2, Талас облусунан - 1 жана Баткен облусунан - 4 маалымат келип түшкөн. Ал эми алардын көбү үгүт иштеринин эрежелерин бузуу деген жүйөлөр менен катталды. Ар бир түшкөн билдирүүлөргө ыкчам топтор чыгып, аларды тез арада чечүүнүн аракеттерин көрүүдө. Ал эми негизинен жер-жерлерде шайлоолор тынч өтүүдө”,-деп белгиледи ал.
Белгилей кетсек, бүгүн Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүүдө. Өлкө боюнча 30 көп мандаттуу округ түзүлгөн. Ар бир округдан үчтөн депутат парламентке шайланып келет. Жалпысынан Жогорку Кеңеш 90 депутаттан турат.