Ак-Ордо конушундагы адам өлтүрүүгө шектүү изделүүдө - фоторобот

Коом Загрузка... 06 Октябрь 2025 17:53
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon ИИМдин басма сөз кызматы

Бишкек, 06.10.25. /Кабар/. Бишкекте адам өлтүрүүгө шектүү жаран изделүүдө. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2025-жылдын 3-октябрына караган түнү Бишкек шаарынын Ленин районунун Ак-Ордо жаңы конушунун Ынтымак көчөсүндө жайгашкан үйдүн биринде болгон адам өлтүрүү фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, Ички иштер министрлиги тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Көзөмөл камераларынан алынган видео жазууларда кылмышка шектүү жаран түшүп калган. Окуя болгон жерден шектүүгө таандык баш кийим - кепка (сүрөттө) табылган.

"Урматтуу жарандар! Эгерде сүрөттөгү адамды таанып же анын жүргөн жери жөнүндө маалымат билсеңиздер, төмөнкү телефон номерлери аркылуу кабарлап коюуңуздарды өтүнөбүз: 0 772 144 239, 0 556 848 080, 102.

Ички иштер министрлиги маалымат берген адамдардын жеке коопсуздугу жана купуялуулук толук сакталат. Тергөөгө көмөктөшкөн жарандар үчүн сый акы каралган.

Маркумдардын туугандары бул иштин кандайдыр бир жагдайларын жарыялоо каршы экенин эске алып, кошумча маалымат берүүдөн баш тартабыз. Тергөө иштери аяктап жана шектүү кармалгандан кийин, коомчулукка дароо маалымат берилет",-деп айтылат маалыматта.