III КМШ оюндарында кыргыз спортчулары дагы эки күмүш медаль утту

Спорт 07 Октябрь 2025 13:15
557728762_821605670212652_3692115279886670356_n.jpg
556363747_821605766879309_8266662597489872580_n.jpg
557496492_821605676879318_4586564066439623415_n.jpg
557626861_821605720212647_244506156015661476_n.jpg
Алдыга
Артка
557728762_821605670212652_3692115279886670356_n.jpg
556363747_821605766879309_8266662597489872580_n.jpg
557496492_821605676879318_4586564066439623415_n.jpg
557626861_821605720212647_244506156015661476_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Дене тарбия жана спорт агентиги

Бишкек, 07.10.25. /Кабар/. III КМШ оюндарында кыргыз спортчулары байдарка менен сууда сүзүү боюнча эки күмүш медаль утту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агентигинен билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, Азербайжандын Мингечевир шаарындагы “Кюр” олимпиадалык окуу-спорт борборунда байдарка менен сүзүү боюнча мелдештер жыйынтыкталды.

500 метрлик аралыктын жуптук жарышында Кыргызстандын спортчулары Урмат Ыманбеков менен Эрбол Сарыкалпаков экинчи орунду ээлеп, күмүш медаль тагынды.

Жалпысынан эки күндүк мелдеште кыргызстандык байдаркачылар жалпы үч медаль жеңди.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын спортчулары Азербайжандагы III КМШ оюндарына катышууда. Мелдештердин программасына ылайык, 23 спорт түрү боюнча 246 медаль топтому ойнотулат. Аталган оюндарга Кыргызстандан 126 спортчу барган. 17 жашка чейинки спортчулар спорттун 15 түрү боюнча күч сынашат.