III КМШ оюндары: Кыргызстандык таэквондочулар үч медалга ээ болду

Коом Загрузка... 01 Октябрь 2025 12:10
557613692_816821430691076_8082946902804288345_n.jpg
copyright icon Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги

Бишкек, 01.10.25. /Кабар/. 30-сентябрда Азербайжандын Мингечевир шаарындагы “Кюр” олимпиадалык окуу-спорт борборунда III КМШ оюндарында таэквондо боюнча мелдештер жыйынтыкталды.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, жыйынтыгында кыргызстандык үч спортчу байгелүү орундарды ээледи:

  • Нурхан Самидинов (58 кг чейин) – күмүш медаль;
  • Абдульазым Абдурахимов (+87 кг) – күмүш медаль;
  • Рамазан Дыйканбаев (68 кг чейин) – коло медаль.

Белгилей кетсек, 28-сентябрда Азербайжанда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) III оюндары башталган. Оюндар 8-октябрда жыйынтыкталмакчы.

Жалпысынан III КМШ оюндарында 13 өлкөдөн келген 1624 спортчу күч сынашууда.