III КМШ оюндары: Кыргызстандык спортчулар байдарка менен сууда сүзүүдө 2 күмүш медалга татыды

Спорт Загрузка... 06 Октябрь 2025 09:30
557780169_820551513651401_2915105666328811473_n.jpg
copyright icon Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги

Бишкек, 06.10.25 /Кабар/. Күн мурун Азербайжандын Мингячевир шаарындагы “Кюр” олимпиадалык окуу-спорт борборунда III КМШ оюндарынын алкагында байдарка менен сууда сүзүү боюнча мелдештер өттү.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, жеке мелдеште 500 метрлик аралыкта кыргызстандык Даниил Дрыго күмүш медаль тагынды.

Ал эми жуптук таймашта Эрбол Сарыкалпаков менен Урмат Ыманбеков мыкты натыйжа көрсөтүп, дагы бир күмүш байге утуп, Кыргызстандын эсебине экинчи медалды алып келди.

Белгилей кетсек, 28-сентябрда Азербайжанда башталган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) III оюндары 8-октябрда жыйынтыкталат.

Жалпысынан III КМШ оюндарында 13 өлкөдөн келген 1624 спортчу күч сынашууда.

Эскерте кетсек, I КМШ оюндары Татарстандын Казань шаарында өткөн, ал эми II КМШ оюндары Беларуста уюштурулган.