III КМШ оюндары. Кыргызстандык самбочулар 4 медаль жеңди

Спорт Загрузка... 30 Сентябрь 2025 15:35
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги

Бишкек, 30.09.25. /Кабар/ Азербайжандын Гөйгөл шаарындагы олимпиадалык спорт комплексинде III КМШ оюндарынын алкагында самбо боюнча мелдештер жыйынтыкталды.

Аталган мелдеште Кыргызстандын төрт спортчусу байгелүү орундарды ээледи:

  • Ильяс Абжалиев (71 кг) – күмүш медаль;
  • Марал Байбосунов (79 кг) – күмүш медаль;
  • Элдар Аскарбеков (53 кг) – коло медаль;
  • Илья Сухинин (98+ кг) – коло медаль.

28-сентябрда Азербайжанда башталган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) III оюндары 8-октябрда жыйынтыкталат.

Жалпысынан III КМШ оюндарында 13 өлкөдөн келген 1624 спортчу күч сынашууда.