Бишкек, 06.10.25. /Кабар/. Күн мурун Азербайжандын Евлах шаарындагы Олимпиадалык спорттук комплексте III КМШ оюндарынын алкагында бокс боюнча финалдык беттештер болду.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, кыргызстандык мушкер Эрбол Баратахунов 54 кг чейинки салмакта күмүш медаль тагынды.
Алгач Эрбол Баратахунов азербайжандык Ибрахим Бэдэллини 3:2 эсебинде жеңип, андан соң беларусь спортчусу Михаил Мельниченкону 5:0 эсебинде утуп, финалга жолдомо алган.
Чечүүчү беттеште Баратахунов өзбекстандык Бехрузжон Рахаталиевге 0:5 эсебинде жеңилип, III КМШ оюндарынын вице-чемпиону аталды.
Белгилей кетсек, 28-сентябрда Азербайжанда башталган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) III оюндары 8-октябрда жыйынтыкталат.
Жалпысынан III КМШ оюндарында 13 өлкөдөн келген 1624 спортчу күч сынашууда.
Эскерте кетсек, I КМШ оюндары Татарстандын Казань шаарында өткөн, ал эми II КМШ оюндары Беларуста уюштурулган.