III КМШ оюндары: Кыргызстандык балбандар 4 медаль жеңди

Спорт Загрузка... 08 Октябрь 2025 11:30
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги

Бишкек, 08.10.25. /Кабар/. Күн мурун Азербайжандын Гянджа шаарында III КМШ оюндарынын алкагында 17 жашка чейинки балбандар арасында грек-рим күрөшү боюнча мелдештер өттү.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, кармаштар аталган шаардагы Олимпиадалык спорт комплексинде уюштурулду.

Кыргызстандын намысын беш балбан коргоду. 55 кг салмакта Рамазан Гасанов экинчи орунду камсыздап, күмүш медаль тагынды.

Ал эми Элимбек Абдыкеримов (48 кг), Бекназар Эмилбеков (51 кг) жана Иличбек Абдуллаев (65 кг) коло медалга ээ болду.

Жыйынтыгында кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча балбандары жалпы төрт медаль утту.

Белгилей кетсек, 28-сентябрда Азербайжанда башталган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) III оюндары 8-октябрда жыйынтыкталат.

Жалпысынан III КМШ оюндарында 13 өлкөдөн келген 1624 спортчу күч сынашууда.

Эскерте кетсек, I КМШ оюндары Татарстандын Казань шаарында өткөн, ал эми II КМШ оюндары Беларуста уюштурулган.