III КМШ оюндары: Кыргызстандык балбандар 1 алтын, 2 күмүш, 1 коло багындырды

Спорт Загрузка... 06 Октябрь 2025 11:00
558667349_820312213675331_2716224052432870381_n.jpg
copyright icon Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги

Бишкек, 06.10.25. /Кабар/. 4-октябрда Азербайжандын Гянджа шаарында III КМШ оюндарынын алкагында эркин күрөш жана кыз-келиндер күрөшү боюнча мелдештер жыйынтыкталды.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, беттештер аталган шаардын Олимпиадалык спорт комплексинде өттү.

Кыргызстандын атынан жалпы алты балбан таймашка чыкты.

Кыз-келиндер күрөшү боюнча:

– 65 кг чейинки салмак категориясында Аяна Асамаликова финалда жеңишке жетип, алтын медаль утуп алды. Ал ушул турнирдеги Кыргызстандын алгачкы чемпиону болду.

– 57 кг салмак категориясында Сезим Жолдошбекова экинчи орунду ээлеп, күмүш байгеге ээ болду.

Эркин күрөш боюнча:

– 55 кг салмак категориясында Ринат Солтоев күмүш медаль тагынды.

– 48 кг салмак категориясында Адил Карыпбеков коло байгени жеңип алды.

Белгилей кетсек, 28-сентябрда Азербайжанда башталган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) III оюндары 8-октябрда жыйынтыкталат.

Жалпысынан III КМШ оюндарында 13 өлкөдөн келген 1624 спортчу күч сынашууда.

Эскерте кетсек, I КМШ оюндары Татарстандын Казань шаарында өткөн, ал эми II КМШ оюндары Беларуста уюштурулган.