Бишкек, 18.03.26 /Кабар/. Евразия өнүктүрүү банкы өнөктөш өлкөлөрдүн экономикалык өнүгүүсү тууралуу жаңы талдоосун сунуштады. 2025-жылдын жыйынтыктары боюнча негизги көрсөткүчтөр өсүүдө. Айрым өлкөлөрдө ИДПнын өсүшү бир аз басаңдаганы менен, дүйнөнүн калган бөлүгүнө салыштырмалуу Борбор Азия жана ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү абал кыйла ишенимдүү көрүнөт.
Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча Борбор Азия мамлекеттеринин экономикасы жалпысынан 7 пайызга өстү. Бул жагынан алганда Кыргызстан өнүгүү темпи боюнча аймактагы талашсыз лидер бойдон калууда. Евразия өнүктүрүү банкы белгилегендей, төртүнчү жыл катары менен өсүш эки орундуу көрсөткүчтөр менен өлчөнүүдө.
"Кыргызстандын экономикасы төртүнчү жыл катары менен өсүштүн жогорку темпин көрсөтүүдө. Ички керектөөчүлүк жана инвестициялык суроо-талаптын күчтүүлүгүнөн улам 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча ИДП 11,1 пайызга өстү. Биз болжолдогондой, өсүштүн ички булактарына таянуу жыл башында да экономиканын жогорку динамикасын сактоого шарт түздү: 2026-жылдын январь айында ИДП 9 пайызга көбөйдү. Ички соода ИДПнын өсүшүн 2,6 пайыздык пунктка, башка кызмат көрсөтүүлөр – 1,9 пайызга өстү. Негизги капиталга жумшалган инвестициялар эки орундуу өсүү темпин (+17,9 пайыз) сактап калды", – деп айтылат баяндамада.
Аймакка жумшалган ири инвестициялар, инфраструктуралык долбоорлордун жана транспорттук коридорлордун өнүгүшү өсүштүн жаңы пункттарын калыптандырып, капиталдын агымын камсыз кылууда. Борбор Азия континенттин транзиттик хабы эле эмес, олуттуу өнөр жай потенциалы бар аймакка айланууда. Бул жаатта Кыргызстан энергетика секторун комплекстүү модернизациялоого жана натыйжалуулугун жогорулатууга, темир жана автожолдорду, ири логистикалык борборлорду жана "кургак портторду" курууга өзгөчө маани берүүдө. Флагмандык долбоорлор – Камбар-Ата-1 ГЭСи жана Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунунун курулушу – келечектеги туруктуу экономикалык өнүгүүнүн маанилүү тиреги болушу керек.
Учурда өлкөдөгу абал туруктуу: финансы тармагында туруктуулук сакталып, негизги көрсөткүчтөр оң динамиканы сактоо тенденциясы менен өсүүдө.
"Өнөр жай 2025-жылдын жыйынтыгы менен 10,6пайызга өстү. Бул көбүнчө тамак-аш тармагындагы (+30,1 пайыз) жана металл эмес минералдык продукцияларды өндүрүүдөгү (+36,6 пайыз) чыгаруу көлөмүнүн көбөйүшү менен камсыз болду. 2026-жылдын январь айында өнөр жайдын өсүү темпи 12,7 пайызга чейин жогорулады. Металл рудаларын казуучу ишканалар, ошондой эле башка металл эмес продуктуларды, негизги металлдарды жана тамак-аш азыктарын өндүрүү негизги ролду ойноду. Аталган тармактар өнөр жай өсүшүнүн жалпы 45 пайызын камсыз кылды. Текстиль өнөр жайындагы өндүрүштүн төмөндөшү (-8,5 пайыз) басаңдатуучу таасирин тийгизүүдө. Бизнестин ЕАЭБ өлкөлөрүнө жеткирүү үчүн жаңы талаптарга ыңгайлашуусуна жараша жана жеңилдетилген насыя берүү программасы ишке киргенден кийин текстиль тармагындагы өсүш калыбына келет деп эсептейбиз", – деп айтылат банктын баяндамасында.
Ошол эле учурда Кыргызстан тышкы инвестициялардын гана эмес, ички ресурстардын эсебинен да жигердүү өнүгүүдө. Өлкөнүн бюджети акыркы жылдары бир нече эсе өстү: салыктык администрациялоону жөнөкөйлөтүүнүн аркасында киреше бөлүгү көбөйдү. Бул учурда мамлекеттик казынадан социалдык программалар гана каржыланбастан, турак жайлардын курулушуна, туристтик кластерлерди өнүктүрүүгө, транспортко, энергетикага жана суу менен камсыздоого олуттуу каражаттар жумшалууда.
Туруктуулуктун маанилүү фактору – өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын бюджети профицит менен аткарылганы. Оң сальдо ИДПнын 2,5 пайызын түздү. Мамлекеттик бюджеттин кирешелери мурунку жылга салыштырмалуу үчтөн бирден ашыкка өстү. Мындай динамика бажы төлөмдөрүнүн 3,7 эсеге көбөйүшү, ошондой эле киреше салыгынан жана пайда салыгынан түшкөн кирешелердин 1,5 эсеге өсүшү менен камсыз болду.
Бюджеттик чыгашалар да көбөйүп, ИДПнын 31,5 пайызына жетти. Ошол эле учурда каражаттын олуттуу бөлүгү өнүктүрүүгө – отун-энергетикалык комплексти модернизациялоо, айыл чарбасын жана тоо-кен өнөр жайын колдоого жумшалууда. Бир жыл ичинде бул тармактарды каржылоонун көлөмү 3,2 эсеге өстү. Натыйжада, мамлекеттик инвестициялык программаны ишке ашыруу 2025-жылдагы экономикалык өсүштү колдоого алды, деп жыйынтык чыгарышат Евразия өнүктүрүү банкынын аналитиктери.
Өкмөт азырынча туруштук бере албай жаткан жалгыз нерсе – бул инфляция. Ал 5-7 пайыздык прогноздук коридордон чыгып, болжол менен 9 пайызды түздү. Буга белгилүү бир деңгээлде дүйнөлүк рынокто азык-түлүккө болгон баанын өсүшү жана ички суроо-талаптын жогорулашы таасир этти. Инфляцияны ооздуктоо үчүн Улуттук банк эсептик ченди 12 пайызга чейин көтөрдү жана эксперттер баалардын өсүшү басаңдайт деп күтүп жатышат.
Жалпысынан алганда, Кыргызстандагы экономикалык абал боюнча тынчсызданууга негиз жок жана андан ары өнүгүүгө шарт түзөт. Евразия өнүктүрүү банкынын аналитиктеринин божомолу боюнча, 2026-жылдын жыйынтыгы менен өлкөнүн ИДПсы 9,3 пайызга өсөт. Ошентип, республика өсүү темпи боюнча аймактык лидер статусун сактап калат.