“Идеал-Фарм” өндүрүшү ички рынокту камсыздоо менен экспортко чыгууда

Экономика Загрузка... 23 Октябрь 2025 11:48
copyright icon Кабар Кабар

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 23.10.25. /Кабар/. “Кара-Балта спирт заводу” мамлекеттик ишканасынын “Идеал-Фарм” филиалы өндүргөн фармацевтикалык продукциялар ички рынокту толук камсыздап, андан тышкары Россия, Казакстан, Армения жана Беларуска экспорттолууда. Бул тууралуу өндүрүш жетекчиси Изат Конокбаев “Кабар” маалымат агенттигине билдирди.

Анын айтымында, филиалда 95 пайыздагы медициналык спирт эритмеси, антисептикалык жана парюфмерия-косметикалык каражаттар өндүрүлөт.

“Биздин өндүргөн каражаттар ички рынокко да чыгат. Бирок, суроо-талап азыраак болгондуктан өндүрүлгөн продукциянын 90 пайызы экспортко жөнөтүлүүдө. Өндүрүштө бир сменде 25 кишиден, эки смен эки күндөн алмашып иштейт. Белгилүү болгондой, сырьену “Кара-Балта спирт заводунан” алабыз”,- дейт Конокбаев.

Белгилей кетсек, “Кара-Балта спирт заводу” мамлекеттик ишканасы бул фармацевтикалык өндүрүштү сатып алып, үстүбүздөгү жылдын январь айынан баштап ишке берген.

“Заводдун кубаттуулугуна токтолсок, күнүнө 5 литр көлөмдө 4 миң 800 бөтөлкө антисептикалык каражат чыгат. Эгер литр менен эсептегенде бир күндө 24 тонна дезинфекциялоочу каражат куюлат. Ал эми парюфмерия-косметикалык каражат күнүнө орточо эсеп менен 100 миллиграммдан 80 миң даана бөтөлкө чыгарылат”,- деди ал.

Маалым болгондой, ушул жылдын акыркы үч айында бул филиал 300 млн сомдон ашык продукцияны экспортко жөнөткөн. Өндүрүштүн көлөмү өсүп, ошону менен бирге жаңы жумуш орундары түзүлүп, товарды туруктуу жеткирүү жолго коюлган.