Бишкек, 04.08.26. /Кабар/. Өлкөдө ички жана тышкы инвесторлорго бирдей шарттар түзүлүүдө. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев “Кабар подкаст” берүүсүндө билдирди.
Адылбек Касымалиевдин айтымында, инвесторлорду колдоо иштерине өзгөчө көңүл бурулуп жатат.
“Орто жана чакан ишкерлерди колдоо боюнча программаларды кабыл алдык. Аларга арзандатылган насыялар берилүүдө. Ички дүң продукциянын көпчүлүк бөлүгүн ушул кичи жана орто ишкерлер түзөт. Биз буларга дагы да колдоо көрсөтүп, аларды өнүктүрүп, көбөйтүүбүз керек. Мисалы, бир райондо жер-жемиштер өстүрүлүп жатса, аны кайра иштетүүчү ишканаларды ал жакка ачса болот”, - деп белгиледи Адылбек Касымалиев.