Ички валюта рыногунда туруктуулук сакталууда – Улуттук банк

Экономика Загрузка... 29 Октябрь 2025 13:52
5.webp
copyright icon Кабар

Бишкек, 29.10.25. /Кабар/. Кыргызстанда ички валюта рыногундагы абал туруктуу. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасынын орун басары Азат Козубеков Бишкектеги маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, финансылык жөнгө салуучу орган акча сунушун жигердүү жөнгө салууну жана улуттук валютанын туруктуулугун сактоо боюнча чараларды көрүүнү улантууда.

"Курстун өзгөрүшүн жумшартуу максатында Улуттук банк ушул жыл ичинде жалпы суммасы 416,9 млн долларды түзгөн беш валюталык интервенция жасады", — деп белгиледи Козубеков.

Ал валюталык интервенцияларды талдоодо өлкөнүн алтын-валюталык резервдеринин динамикасын эске алуу маанилүү экенин баса белгиледи.