Ички авиакаттамдардын билет баасына мониторинг жүргүзүү улантылат – Антимонополия

Коом Загрузка... 31 Июль 2025 10:50
WhatsApp Image 2025-07-31 at 10.47.35.jpeg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 31.07.25. /Кабар/. Ички авиакаттамдардагы билеттердин баасынын жогорулап кеткендиги боюнча жарандардын кайрылуусунун негизинде “Кыргызстан аэропорттору” ачык акционердик коому, “АвиаТраффик Компани”, “Тез Жет”, “Аэро Номад Эйрлайнс”, “Асман Эйрлайнс” жана “Sky Fru” авиакомпанияларынын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу уюштурулду. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы Женалы Орозбаев “Кабар” агенттигине билдирди.

Анын айтымында, эң көп кайрылуулар Бишкек-Ош ички каттамынын баасына байланышкандыктан, жолугушууда ушу каттамга өзгөчө көңүл бурулду. Авиакомпаниялардын берген маалыматтары боюнча, аталган каттамга болгон баа 3800 сомдон 5900 сомго чейин сатылууда. Баалар калган орундардын саны, каттамга болгон талаптан жана учуп кетүүгө чейин калган убакытка жараша өзгөрүшү мүмкүн. Биринчи 33% орун – 3800 сомдон, кийинки 30% орун – 4800-5000 сомдон, калган орундар – 5900 сомго чейин, бул суроо-талаптын жогору болушу жана учуп кетүү күнүнүн жакындыгына жараша болот.

Ошол эле маалда Кыргызстанда катталбаган кээ бир сайт-агенттиктер жергиликтүү домендерди пайдаланышат. Мисалы, tickets.kg сайты Кыргызстанда расмий түрдө катталган эмес. Мындай сайттар көбүнчө жогорулатылган үстөктөрдү коюшат, анын эсебинен билеттер 6000-7000 сомдон жана андан да жогору баада сатылышы мүмкүн.

“Авиабилеттердин кымбаттап кеткени, баалар 11 миң 200 сомго чейин жеткени жөнүндө кайрылуулар болгондуктан, мен "Манас" эл аралык аэропортунан тартып бардык авиаташуучулар менен жолуктум. Кыргызстандын ичиндеги эң кымбат билеттин баасы Бишкек – Ош багыты боюнча алсак, “Тез Жет” авиакомпаниясынын кошумча кызматтар менен болгон орундарынын баасы 5900 сомду түзөт. Мындай орундуктар каттамдагы жалпы орундардын 3-4 пайызын түзөт жана алар негизги баага таасирин тийгизбейт. Ал эми башка орундуктагы билеттер 3800 сомдон башталат. 11 миң 200 сомдук билеттер боюнча айта кетейин. “Хан эйр” авиакомпаниясы биздин өлкөнүн ички каттамдарында жүргүнчүлөрдү ташуу менен алектенбейт экен. Бирок чет өлкөлөрдө жашаган ошол өлкөлөрдүн жарандары Кыргызстандын ички каттамдарындагы билеттердин бааларын билип туруу үчүн “Тез Жет” авиакомпаниясы менен “Хан эйр” авиакомпаниясынын ортосунда эки тараптуу макулдашуу түзүлүптүр. Алар авиабилеттерди “Тез Жет” авиакомпаниясынын сайтынан алып, чет элдик жарандарга өздөрү баа коюп сатышарын “Тез Жет” авиакомпаниясынын өкүлү айтты”, - деди ал.

Ошондой эле Женалы Орозбаев белгилегендей, жарандар билеттерди авиакомпаниялардын расмий сайттары же алардын мобилдик тиркемелери аркылуу гана сатып алышы керек. Мында билеттин баасына кошумча төлөмдөр кошулбай сатылат.

“Авиаташуучулар өлкө ичиндеги каттамдар боюнча мониторинг жүргүзүшкөндө төмөнкүдөй учурлар байкалганын айтышты. Мисалы, Бишкек – Ош каттамындагы 3800 деп турган билетти кыргызстандыктардын 1-2 пайызы гана алдын ала сатып алат. Чет өлкөлүктөр бир ай мурун учууларын пландап билетти эрте сатып коюшат. Учак уча турган күн жакындаган сайын билеттин баасы кымбаттайт. Ошондуктан айтып коелу элге, өлкө ичиндеги каттамдарга 11 миң 200 сом деген баа жок, муну толугу менен айта алабыз. Билеттерди авиакомпаниялардын расмий сайттары же алардын мобилдик тиркемелери аркылуу гана сатып алууну сунуштайбыз. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы мындан ары да өлкөнүн ички каттамдарына билеттердин бааларына мониторинг жүргүзүп турат. Эгерде алып-сатарлык фактылары аныкталган учурлар болсо, жарандарды Монополияга каршы органга, Жарандык авиация мамлекеттик агенттигине же ишеним телефондоруна билдирүүнү суранабыз”, - деди Женалы Орозбаев.

Мындан тышкары, ал эми авиабилеттерди саткан агенттер менен жолугушарын айтты. Анда агенттер аркылуу субагенттиктерди көзөмөлгө алып, авиабилеттин баасына негизсиз кошумча төлөмдөрдү кошуп сатууга жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт.