ICESCO Самаркандга арналган поэтикалык сынак жарыялады

Борбор Азия 4 август 2025 18:10
ICESCO Самаркандга арналган поэтикалык сынак жарыялады

Ташкент, 04.08.25. /Кабар/. Билим берүү, илим жана маданият боюнча Ислам уюму (ICESCO) "Поэзия шаарлары" аттуу поэтикалык байге сынагынын экинчи айлампасын баштады.

Быйылкы сынак 2025-жылы Ислам дүйнөсүнүн маданий борбору деп жарыяланган Самарканд шаарына арналууда.

Араб же өзбек тилинде жазылган ырлар кабыл алынат. Жеңүүчүлөрдү белгилүү акындар жана ICESCO уюмунун адистери баалап тандайт.

Биринчи орун — 3000 доллар, экинчи — 2000 доллар, үчүнчү орун — 1000 доллар менен сыйланат. Жеңүүчүлөргө атайын сыйлык күбөлүктөрү тапшырылат.

ICESCO мыкты деп табылган жана ардактуу эскерүүгө арзырлык ырларды өзүнүн атайын жыйнагына киргизет. Катышуучулар ырларын быйылкы 31-декабрга чейин жибериши керек.