Бишкек, 27.03.26 /Кабар/. Бишкек шаарында ШКУ мүчө мамлекеттеринин I жаштар Дельфий оюндарынын салтанаттуу жабылыш аземи өттү. Иш-чарага катышкан Тажикстандан келген музыкант кыздар “Кабар” агенттигине өз ойлорун айтып беришти.
Кыздар конкурска “Фортепиано” номинациясы боюнча катышышкан.
“Менин атым Сабу Муминова. Биз Душанбе шаарынан келдик. Одина Хошим атындагы атайын музыкалык мектепте билим алабыз. Бишкек шаары бизге өзгөчө даамдуу тамактары, элинин меймандостугу менен абдан жакты. Бул оюндарга катышып, Кыргызстан өлкөсүн көргөнүбүз абдан жагымдуу болду”,- деди ал.
Ал эми Ширин Нуравшанзода конкурста үчүнчү орунду багындырган.
“Кыргызстандын элинин меймандостугу менен сыйчылдыгы бизге абдан жакты. Бул конкурска катышып, үчүнчү орунду багындырганыма абдан кубанып жатам”,-деди музыкант кыз.