Хоккей боюнча республикалык мелдеш аяктады. Жеңүүчүсүнө 100 миң сом тапшырылды

Спорт 1766 17 Февраль 2025 11:11
480184890_1389058065838953_1223068358680347190_n.jpg
480261106_1389062832505143_8264357631990865_n.jpg
480269919_1389062552505171_7701311768984626180_n.jpg
480283201_1389055112505915_4364177628666918190_n.jpg
Алдыга
Артка
480184890_1389058065838953_1223068358680347190_n.jpg
480261106_1389062832505143_8264357631990865_n.jpg
480269919_1389062552505171_7701311768984626180_n.jpg
480283201_1389055112505915_4364177628666918190_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы

Бишкек, 17.02.25. /Кабар/. Күн мурун президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн хоккей оюну боюнча кубогунун финалдык беттеши өтүп, жеңүүчүсү аныкталды.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, турнирге катышкан 8 командадан суурулуп чыккан “Кыргыз темир жолу” (Бишкек шаары) командасы менен “Нарын шумкарлары” (Нарын шаары) командасы финалга чыгып, беттеште 3:1 эсебинде Нарын шаарынын командасы жеңүүчү аталды.
Мелдештин сыйлоо аземинде президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов командаларга мыкты оюн көрсөткөндүгү үчүн жана машыктыруучуларга, калыстарга, жалпы уюштуруу ишин алып барган кызматкерлерге ыраазычылык билдирди. Ошондой эле хоккей оюнун өнүктүрүү максатында облус башчысынын Өтмө кубогу жыл сайын өткөрүлө тургандыгын маалымдап жеңүүчүлөргө медаль, диплом жана акчалай сыйлыктарын тапшырды.

1-орунду камсыз кылган Нарын шумкарларына (Нарын шаары) 100 миң сом,
2-орун – Кыргыз темир жолуна (Бишкек шаары) 60 миң сом,
3-орун – Жумгал-Шортонго (Жумгал району) 40 миң сом,
4-орун – Ардагер шумкарларга (Нарын шаары) 20 миң сом тапшырылды.

Мындан тышкары, өзгөчө жетишкендиктери үчүн 5 номинация боюнча сыйлыктар тапшырылды:
1. Эң мыкты дарбазачы –Урматбек Турсунбеков ( Нарын шумкарлары);
2. Эң мыкты оюнчу – Адилет Альчикенов (Жумгал-Шортон);
3. Эң мыкты бомбардир – Эдил Өмүрбеков (Кыргыз темир жолу);
4. Эң мыкты чабуулчу – Турсунбек Урматов (Ардагер шумкарлар);
5. Эң мыкты калыс – Ынтымак Абдыкалыков татыктуу деп табылды.

Эске салсак, мелдеш 15-16-февраль күндөрү Нарын шаарындагы Т.Токтосунов атындагы муз аянтында өттү.