Кыргызстанда хоккей боюнча дүйнө чемпионатына даярдыктар жүрүүдө

Спорт 2026 09 Январь 2026 14:16
613023947_894571166249435_2621157050109842013_n.jpg
613697619_894570996249452_1931799222193231883_n.jpg
613075671_894571149582770_6540455851310997661_n.jpg
613792639_894571049582780_8131664070768797125_n.jpg
Алдыга
Артка
613023947_894571166249435_2621157050109842013_n.jpg
613697619_894570996249452_1931799222193231883_n.jpg
613075671_894571149582770_6540455851310997661_n.jpg
613792639_894571049582780_8131664070768797125_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги

Бишкек, 09.01.26. /Кабар/. 18-24-январь күндөрү Бишкек шаарында хоккей боюнча U20 жаштар арасындагы дүйнө чемпионаты (IIHF Division III-B) өтөт.

Мелдешти утурлай бүгүн, 9-январда Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Казыбек Молдажиев Бишкек шаарындагы “Алга” спорт комплексине барып, Кыргызстандын улуттук курама командасынын окуу-машыгуу жыйынынын жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу аталган агенттиктен маалымдашты.

Анда Казыбек Молдажиев спортчуларга ишеним билдирип, ар бир беттеште жогорку чеберчилигин көрсөтүп, жеңишке умтулууну каалады.

Ошондой эле ал Олимпиадалык оюн түрлөрү жана спорттук-массалык иш-чараларды өткөрүү боюнча “Жаштык” дирекциясынын директору Урмат Асанбаев, Кыргызстандын хоккей федерациясынын вице-президенти Эльзар Болотбеков жана улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Алексей Хакало менен чемпионатка даярдыкты талкуулады.

Белгилей кетсек, дүйнө чемпионатына 6 мамлекеттин жаштар курама командалары – Кыргызстан, Мексика, Люксембург, Түштүк Африка Республикасы, Иран жана Гонконг (Кытай) катышат.

Мелдештер “Бишкек Арена” шаардык муз аянтчасында өтөт.