Бишкек, 20.06.25./Кабар/. "Хижина рацека" чокусунан өзүн жаман сезген чет элдикке жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Белгилүү болгондой, Чүй облусунун Аламүдүн районундагы "Ала-Арча" мамлекеттик жаратылыш паркынын жогору жагында 23 жаштагы М.В. аттуу Польша мамлекетинин жараны "Хижина Рацека" чокусунан түшүп келе жатып өзүн жаман сезип, абалы начарлаган.
Чет элдик айымга ӨКМге караштуу Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун 4 куткаруучусу медициналык алгачкы жардам көрсөтүп, тоодон түшүрүшкөн.
Андан соң Республикалык инфекциялык ооруканага жеткиришкен.
Эске салсак, ӨКМ министри Бообек Ажикеевдин тапшырмасы менен жаратылыш паркына куткаруучулардын нөөмөтү уюштурулган.