Халифат түзүүнү көздөшкөн: Ноокенде экстремисттик уюмдун мүчөлөрү кармалды

Укук тартиби Загрузка... 06 Февраль 2026 11:15
copyright icon УКМК

Бишкек, 06.02.26. /Кабар/. Ноокенде "Хизбут-Тахрир аль-Ислами" диний-экстремисттик уюмунун ячейкасынын аялдар канатынын мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Алар тигүү боюнча практикалык окутуу шылтоосу менен жаш аялдарды тартып, процесстин жүрүшүндө тыюу салынган уюмдун идеологиясын акырындык менен жайылтып журүшкөн.

Топтун лидерлери жабык түрдөгү Telegram каналдарына активдүү катышып, тыюу салынган адабияттарды таратып, Кыргызстанда халифат түзүү маселесин талкуулашкан.

Тинтүү учурунда аталган уюмга таандык көптөгөн тыюу салынган адабияттар жана электрондук түзүлүштөр табылды.

29-январда экстремисттик уюмдун беш мүчөсү кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Азыркы учурда тергөө жүрүп жатат.

УКМК диний экстремисттик уюмдарды түзүү, алардын ишине катышуу жана экстремисттик материалдарды таратуу кылмыш жоопкерчилигине алып келерин эскертет.