Бишкек, 29.05.26. /Кабар/. Gucci Формула-1 Alpine командасынын жаңы өнөктөшү болот. Бул тууралуу Казинформ жазды.
Маалыматка караганда, француз командасы узак мөөнөттүү өнөктөштүктүн башталганын расмий түрдө жарыялады.
Өнөктөштүк 2027-жылкы сезондо башталат. Андан кийин команда "Gucci Racing Alpine Formula One Team" деген жаңы аталыш менен мелдешет. Бул команданын мурунку титулдук өнөктөшү BWT менен беш жылдык өнөктөштүгүнүн аякташын билдирет.
Alpine "Gucci Racing" долбоору спорттук өнөктөштүк гана болбостон, автоспортту, мода жана көңүл ачуу индустриясын бириктирген жаңы глобалдык платформа болору белгиленүүдө.
Gucci менен иштешүүдө Alpine дизайнын жана стилин өзгөртөт деп күтүлүүдө. Акыркы жылдары команда BWT бренди менен кызгылт түстү колдонуп келген.