Бишкек, 16.04.25. /Кабар/ 12-апрелде Гуанчжоу шаарында Кыргызстандын Башкы консулдугу тарабынан кыргыз ишкерлеринин колдоосу менен уюштурулган ири спорттук-маданий иш-чара - Кыргызстандын Башкы консулдугунун кубогу болуп өттү.
ТИМден билдиришкендей, мелдешке катышкандар жогорку кесипкөйлүгүн жана таза атаандаштык принциптерин карманган спорттук рухун көрсөтүштү. Жеңүүчүлөргө эстелик үчүн белектер жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.
Спорттук бөлүк менен катар келген коноктор улуттук ыр-бийлерден турган концерттик программага күбө болуп, кыргыз улуттук ашканасынын даамдарын татып, чыныгы кыргыз меймандостугуна бөлөнүштү.
Гуанчжоу шаарындагы Кыргызстандын башкы консулу Хомени Эргешов куттуктоо сөзүндө мындай иш-чаралар Кытайда жашаган кыргызстандыктардын ортосундагы байланыштарды чыңдоодо жана улуттук өзгөчөлүктү сактоодо зор мааниге ээ экенин белгиледи.
Башкы консулдуктун кубогу спорттук гана эмес, кыргыз диаспорасын консолидациялоого багытталган маанилүү коомдук окуя болуп калды.
Иш-чаранын уюштуруучулары бардык катышуучуларга жана меймандарга ыраазычылык билдирип, бул мелдешти жыл сайын өткөрүү пландары бар экенин жарыялашты.