Бишкек, 28.11.25 /Кабар/. 27-ноябрь күнү үгүт шарттарын бузган талапкерге айып пул салынып, эскертүү берилди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.
Анда мекеменин жумушчу тобу №2 шайлоо округунан талапкер Ырысбек Атажанов жөнүндөгү маалыматтар үгүт жүргүзүү шарттарын бузуп жаткандыгын аныктаган.
Атап айтканда, Instagram социалдык тармагындагы «yrysbek.atajanov» аккаунтунун баракчасында үгүт видео материалы жарыяланып, талапкердин шайлоочулар менен мечиттин аймагында жолугушуусу чагылдырылган.
Шайлоо мыйзамдарына ылайык, диний имараттардын ичинде жана алардын жанында үгүт иш-чараларын өткөрүүгө, үгүт материалдарын таратууга жол берилбейт.
Ошондой эле аталган баракчадагы үгүт видео материалда талапкер Майдан айылынын тургундары үчүн социалдык объектилерди курууга убада берип, келишимге кол коюп, жарыялаган.
Шайлоо дайындалган учурдан тартып добуш сатып алууга, акча каражаттарын төлөөгө, белектерди жана башка материалдык баалуулуктарды тапшырууга тыюу салынат.
Мындан тышкары, WhatsApp мессенджеринде таратылган фотоматериалдарга ылайык, Бирлик айыл аймагынын Эшме айылына кире бериштеги аркага талапкердин үгүт баннери орнотулганы аныкталган.
Муну менен талапкер мыйзамдагы “тарыхый, маданий же архитектуралык баалуулугу бар эстеликтерге жана имараттарга үгүт материалдарын жайгаштырууга тыюу салынат” деген талапты бузган.
Жумушчу топ талапкер Атажанов шайлоо мыйзамындагы Укук бузуулар жөнүндө кодексте каралган 200 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө жана 75 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө административдик айып пул салып, эскертүү берди.
Белгилей кетсек, 30-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоосу өтөт. Шайлоого аттанган талапкерлердин саны учурда 461 деп белгиленүүдө.