Үгүт өнөктүгүн утурлай. Кыргызстан шайлоого ызы-чуусуз, тынч даярданууда

Аналитика Загрузка... 31 Октябрь 2025 14:54
WhatsApp_Image_2025_vbav9nG.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014 (1).webp
copyright icon WWW

Кыргызстанда азыркы шайлоо кампаниясынын биринчи этабы – талапкерлерди каттоо өнөктүгү адаттагыдан тынч, эч кандай дүрбөлөң, ызы-чуусуз өттү. Экинчи - үгүт иштеринин этабы дагы ыплассыз жана интригасыз башталат деген үмүт бар. Негизгиси, бир кезде коррупциялык иштерге аралашып, уюшкан кылымышкерлер менен байланышы бар деп шектелгендердин көбү жаңыланган парламентке жол жабык экенин түшүнүштү. Ал эми түшүнбөгөндөрү БШКга баш багып көрүп, кайра чыгып кеткенге аргасыз болушту. Жаңы шайлоо системасы өзүнүн аброюн кетирген ишмерлерден коргоно аларын жакшы көрсөтө алды.

Албетте, азырынча мындай тыянактарды чыгарууга эрте, бирок мурунку өнөктүктөрдүн тажрыйбасына таянып, ызы-чуу жана түйшүктөр азайганын айтууга болот. Эч ким тизме менен подъезддерди аралап чуркабайт, кызмат адамдары мурункудай талапкерлерге көрсөтмө берип, бирөөлөрдү кысымга ала алышпайт. Шайлоочуларды сатып алуу жана аларга кысым көрсөтүү технологиялары дээрлик нейтралдаштырылган. Эгерде айрым учурлар пайда болсо, анда тигил же бул талапкердин кызыкчылыгын көздөгөн ишмерлерди тез арада ордуна коюп, шайлоого кийлигишүү үчүн жоопкерчилик жөнүндө эскертишет.

Албетте, шайлоочуларды сатып алуу аракеттери дагы деле болушу мүмкүн, бирок эгерде мындай фактылар аныкталса, уюштуруучулар жана ага катышкандар кылмыш жоопкерчилигине тартылышат. Азыркы шарттарда, талапкерлер дагы бири-бирин көзөмөлдөй алышат, укук коргоо органдары дагы иштеп жатышат. Ал эми бардык кырдаалды коомчулуктун өкүлдөрү кылдаттык менен көзөмөлдөп турушат. Шайлоочуларды "демөөрчүлүк жардам же белектерди берүү" аркылуу өз тарабына тартуу максатында конверттерди жана баштытарды таратуу, дасторкон уюштуруу жана башка аракеттер учурда өтө кооптуу иш болуп саналат. Мындайдан жеңил кутулуу же ишти жаап коюу кыйынга туруп калат.

Талапкерлердин жана алардын тарапташтарынын жеке каражаттарынан толуктала турган шайлоо фонддору да көзөмөлдөнүүдө. Чет элдик уюмдар же анонимдүү кайрымдуулук кылуучулар тарабынан талапкерлерге каржылык колдоо көрсөтүү, башкача айтканда, тышкы кийлигишүү мүмкүнчүлүктөрү кыйла кыскарган. Ал эми азыр талапкерлердин акча ресурстары дагы санариптик көзөмөлдө турат. Эгерде кандайдыр бир каражаттар фонддон сырткары өтүп кетсе же кайдан келгени белгисиз болсо, талапкерге олуттуу көйгөйлөрдү жаратышы мүмкүн - шайлоодон четтетүүдөн баштап иш козгоого чейин.

Башкача айтканда, жарандар өз тандоосун жасаш үчүн талапкерлердин программалары жана сунуштары менен таанышып, аларга баа берүүгө бардык шарттар түзүлгөн. Балким, кошуна райондун жаш жана келечектүү жигити же кызы буга чейин бир нече мөөнөт парламентте иштеген адамдан жакшыраак чыгар. Балким, тескерисинче, эски тажрыйбалуу адамдарга дагы бир жолу добуш берүү туура болот.

Жарандар бийликте алардын кызыкчылыктарын коргой тургандарды шайлашат. Ошондуктан, округдун жашоочулары биринчи кезекте өздөрү жакшы билген, кийин ага кандай гана болбосун маселелер менен түз кайрыла ала турган адамды шайлашат. Демек, шайлоочулар өздөрүнө тигил же бул талапкер иш жүзүндө иштерди жасай алабы же жөн эле убакытты өткөрөбү деген суроо берип турса ашыкча болбойт.

БШКнын талапкерлерден документтерди кабыл алууну аяктаганы боюнча маалыматына ылайык, Жогорку Кеңешке кезексиз шайлоого 30 көп мандаттуу округдан 589 талапкер катталды. Алардын ичинен 365и эркек, 224ү аял. Бардык округдар боюнча 13төн 25ке чейин талапкер бар, өлкө боюнча орточо көрсөткүч 19,3тү түзөт. Башкача айтканда, шайлоочунун бир айдын ичинде ар талапкерди изилдеп, туура тандоо жасоого жетиштүү убактысы бар. Ал эми үгүт иштери расмий түрдө 10-ноябрда башталат.