Үгүт өнөктүгү башталды. Катуу көзөмөл жана талапкерлерге негизги талаптар

Шайлоо Загрузка... 11 Ноябрь 2025 10:28
1.webp
copyright icon WWW

Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого карата үгүт өнөктүгү расмий түрдө башталды. Борбордук шайлоо комиссиясы талапкерлерге, партияларга жана алардын ишенимдүү өкүлдөрүнө шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоо зарылдыгын эскертти. Алдыдагы шайлоо мөөнөтүнөн мурда өтүп жаткандыгына байланыштуу бардык шайлоо процесси үчтөн бирге кыскартылган. Демек, шайлоо алдындагы үгүт иштери 20 күнгө созулат, тагыраак айтканда 10-ноябрда башталып 29-ноябрда саат 08:00гө чейин уланат. Ошентип, ЖК депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 30-ноябрда өтөт.

2

БШК шайлоого катышууну каалаган 467 талапкерди каттады. Анын ичинен 276сы эркектер жана 191и аялдар.

10-ноябрдан баштап депутаттыкка талапкерлер, саясий партиялар жана башка кызыкдар жарандар шайлоочуларды талапкерлерге добуш берүүгө үндөө же аларга каршы добуш берүүгө чакыруу максатындагы маалыматтарды даярдоо жана таратуу иштерин жүргүзүүгө, ошондой эле талапкерлердин шайлоо алдындагы программаларын эркин жана ар тараптуу талкуулоого укуктуу. Мында, негизги талап — үгүт иштерин жүргүзүүнүн формалары жана ыкмалары шайлоо мыйзамдарынын талаптарына туура келүүсү керек.

Үгүт өнөктүгү добуш берүүгө бир күн калганда саат 00:00гө чейин созулат, андан кийин ар кандай үгүт иштерин жүргүзүүгө тыюу салынган "жымжырттык күнү" башталат.

3

Үгүт өнөктүгүнүн негизги эрежелери

Үгүт иштеринин формалары жана ыкмалары

Талапкерлерге жана партияларга төмөнкүлөргө уруксат берилет:

  • шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрүү;
  • атайын бөлүнгөн аянтчаларга үгүт материалдарын жайгаштыруу;
  • басма, аудио жана видео материалдарды таратуу;
  • дебаттарга, интервьюларга жана теле/радио программаларга катышуу;
  • интернетте жана социалдык тармактарда милдеттүү түрдө булагын жана буйрутмачысын көрсөтүү менен үгүт жүргүзүү.

БШКнын мүчөсү Узарбек Жылкыбаев ар бир талапкер үгүт иштерин өзүнүн шайлоо фондунун алкагында гана жүргүзүшү керектигин эскертти.

4

"Эгер талапкер өзүнүн фонду бир млн сом деп жарыяласа, анда шайлоо фондунан тышкаркы атүгүл 5000 сом да шайлоо мыйзамдарын бузуу болуп эсептелет. Муну бардык талапкерлер муну эсинен чыгарбай, мыйзамдын чегинде иш алып барышы керек", - деди ал.

БШКдан баса белгилешкендей, үгүт кампаниясы учурунда бир катар катуу чектөөлөр бар.

5

Төмөнкүлөргө категориялык түрдө тыюу салынат:

  1. Шайлоочуларды сатып алуу
  • акча, товар, белек же жеңилдетилген кызматтарды берүү;
  • үгүт өнөктүгү учурунда кайрымдуулук жардамын таратуу;
  • шайлоочулардын катышуусу менен акы төлөнүүчү иш-чараларды өткөрүү.\

Административдик ресурсту колдонуу

  • мамлекеттик кызматкерлердин иш убактысында үгүт иштерине катышуусу;
  • мамлекеттик органдардын жайларын, унааларын, мүлкүн пайдалануу;
  • бюджеттик кызматкерлерге, студенттерге жана башка уюшкан топторго кысым көрсөтүү.

Терс жана бузуку үгүт

  • атаандаштар жөнүндө атайылап жалган маалыматтарды таратуу;
  • улуттук, диний, социалдык араздашууга чакыруу;
  • жек көрүү тилин колдонуу.

Үгүт материалдарын жайгаштыруу эрежелерин бузуу

  • уруксат берилбеген аянтчаларга жайгаштыруу;
  • добуш берүү күнү шайлоо участокторунун жанында үгүт жүргүзүү;
  • атаандаштардын материалдарын алып салуу же бузуу.

Чет өлкөлүк каражаттарды колдонуу

  • Чет өлкөдөн, чет өлкөлүк жарандардан, уюмдардан же мамлекеттерден келген ар кандай каржылоого толугу менен тыюу салынат.
6

Узарбек Жылкыбаев ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге, акцияларынын 30 пайыздан ашыгы мамлекетке таандык ишканалардын кызматкерлерине үгүт иштерине катышпоону эскертти. "Талапкерлердин постторуна жана сүрөттөрүнө лайк басууга, алар тууралуу материалдарды жарыялоого да тыюу салынат", - деди ал.

Мамлекеттик салык кызматы Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин көңүлүн салык мыйзамдарынын ченемдерине бурат.

7

Ведомствонун маалыматына ылайык, жеке жактардын талапкерлерден, саясий партиялардан өздөрүнүн шайлоо фонддорунун каражаттарынан ишенимдүү адамдын, байкоочунун, өкүлдүн милдеттерин аткаргандыгы үчүн, ошондой эле шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүдө үгүт иштерин жүргүзгөндүгү үчүн алган кирешелеринен киреше салыгы салынбайт.

Мындан тышкары, үгүтчүлөрдүн шайлоо кампаниясы мезгилиндеги ишмердүүлүгү патенттин негизинде салык салынуучу ишмердүүлүктүн түрлөрүнө кирбейт.

8

Кыргызстанда үгүт кампаниясынын эрежелерин бузуу административдик жана жазык жоопкерчилигине алып келет. Шайлоо фондунан тышкаркы каражаттарды колдонуу талапкерге эскертүү берүүгө же анын каттоосун жокко чыгарууга алып келиши мүмкүн: шайлоочуларды сатып алуу айып пулдар менен, ал эми олуттуу масштабында жазык куугунтугу менен жазаланат. Административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу, финансылык отчеттуулукту жашыруу, тыюу салынган мезгилде үгүт жүргүзүү жана ЖМКдагы бузуулар да айып пулдар, тартиптик чаралар жана, эгерде системалуу же олуттуу бузуулар болсо талапкердин каттоосун жокко чыгаруу менен жазаланат.