Бишкек, 23.01.26. /Кабар/. Бүгүн тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров Грузиянын Кыргызстандагы (резиденциясы Астанада) элчиси Леван Диасамидзенин ишеним грамотасынын көчүрмөлөрүн кабыл алды.
Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушууда тараптар саясий кызматташтыкты талкуулап, кыргыз-грузин мамилелеринин салттуу достук мүнөзүн жана жогорку жана эң жогорку деңгээлдердеги диалогду активдештирүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти. Расмий сапарларды уюштуруу жана эл аралык уюмдардын алкагында өз ара аракеттенүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
Соода-экономикалык кызматташтык жаатында тараптар байланыштарды кеңейтүү, анын ичинде Өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынын өткөрүү мүмкүнчүлүгүн белгилешти. Парламенттер аралык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү, ошондой эле демократия жана парламенттик дипломатия жаатындагы кызматташуу да талкууланды.
Соода, туризм жана маданий-гуманитардык байланыштарды колдоо үчүн Бишкек менен Тбилисинин ортосундагы түз аба каттамдарын кайра жандандыруу маселеси да көтөрүлдү.