Бишкек, 31.12.25. /Кабар/. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Грузия тарабынан чет өлкөлүк жарандар үчүн киргизилген жаңы талаптар тууралуу билдирет.
Ведомстводон билдиришкендей, 2026-жылдын 1-январынан тартып, Грузияга келген бардык чет өлкөлүк жарандар үчүн жаңы эрежелер күчүнө кирет. Ага ылайык, ар бир жаран өлкө аймагында болгон бардык мезгил аралыгына жарактуу медициналык жана кырсыктан камсыздандыруу полисине ээ болууга тийиш.
Талап Грузиянын туризм чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык киргизилген жана туристтик, ишкердик, ошондой эле жеке максаттагы сапарлардын баарына тиешелүү.
Камсыздандыруу полисин Грузиянын же чет өлкөлүк камсыздандыруу компанияларынан алууга болот. Документ грузин же англис тилдеринде (кагаз же электрондук түрдө) көрсөтүлүшү керек.
Камсыздандыруу чыгымынын эң аз суммасы 30 000 грузин ларисин (GEL) түзүүгө тийиш.
Камсыздандыруу полисинде төмөнкү маалыматтар милдеттүү түрдө көрсөтүлүшү зарыл:
- Келишимдин тараптары;
- Камсыздандыруунун колдонуу аймагы жана максаты;
- Полистин күчүнө кирүү жана аяктоо мөөнөттөрү;
- Камсыздандыруу тобокелдиктери жана төлөмдүн суммасы;
- Кошумча акынын өлчөмү, төлөмдүн орду жана шарттары.
Министрлик Грузияга барууну пландап жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарына төмөнкүлөрдү сунуштайт:
- Жаңы кирүү эрежелери менен алдын ала таанышуу;
- Ташуучулардын жана чек ара кызматтарынын кошумча талаптарын эске алуу;
- Сапарга чыкканга чейин медициналык камсыздандырууну тариздөө жана чек арада көрсөтүү үчүн анын кагаз түрүндөгү көчүрмөсүн кошо алып жүрүү.
Мындан тышкары, миграциялык мыйзамдардын жалпы талаптарына ылайык, жаныңызда жарактуу паспорт, кайтып келүү билети жана жашай турган жерди (мейманкана ж.б.) брондоону тастыктаган документтердин болушу шарт.
Эскертүү: Бул маалымат түшүндүрмө мүнөзүндө берилет жана Грузияга кирүүгө толук кепилдик болуп эсептелбейт.