Грузиянын Inter press news маалымат агенттиги “Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун президенттик кызматтагы беш жылы. Чоң сыноо алдыда” деген аталыштагы эксклюзивдик макаланы жарыялады. Эске салсак, 28-январда Садыр Жапаровдун бийликке келгенине туура 5 жыл толот. Чет элдик басылма Жапаровдун башкаруусунда жетишилген натыйжаларды кенен тизмектеген.
Грузиядагы реформалар бир топ жыл бою Кыргызстан тараптан сөзгө алынып, бул өлкөдөгү тездик менен жүргөн өзгөрүүлөр биздин саясатчыларга үлгү болгон эле. Тажрыйба алмашуу үчүн депутаттар Тбилисиге барган да күндөр болгон. Бул жолу грузиялык жалпыга маалымдоо каражаттарынын Кыргызстандагы акыркы беш жыл ичиндеги ийгиликтер туурасында жазып чыгышканын Кыргызстандын коомчулугу жагымдуу кабыл алды.
Грузиялык Inter press news маалымат агенттигинин кеңсеси Тбилиси шаарында жайгашкан. Макаланын автору Вано Вурдули Садыр Жапаров бийликке келген 2020-жылдын аяк чени менен 2025-2026-жылдарды салыштырган. 2020-жылды Кыргызстан үчүн “келечеги белгисиз” деп атап, Жапаров башкарган беш жылдан кийинки мезгилди экономикалык өсүштөгү, аймакта сөзү өтүмдүү, орду бекем, саясий туруктуулук камсыздалган өлкө катары баалаган.
Көлөмдүү макалада 2020-жылы пандемиялык каатчылыкка кошумча, саясий туруксуздук жана экономикалык каатчылык өкүм сүргөнү, мамлекет андан чыгып, өлкө эл аралык картадагы ордун сактап кала алабы деген суроолор көп берилгени белгиленген.
“2020-жылы ИДПнын номиналдык көлөмү 598,3 млрд сомду түзүп, реалдуу индекси 91,4%га төмөндөп, 9%га чейин түшүп кеткен. Негизги капиталга инвестициялар кыскарып, ишкердик активдүүлүктүн негизги көрсөткүчү болгон курулуш, мурдагы жылдын деңгээлинен 84,1% төмөндөгөн. Эл аралык резервдер 3 млрд доллар чегинде болгон. Мамлекеттик саясат мажбур мүнөздө болуп, иши өнүгүүгө эмес, туруксуздукту жок кылууга багытталган эле”, - деп жазылат агенттиктин маалыматында.
Грузиялык медиа Садыр Жапаров бийликке келген мезгилди “мамлекеттин кайра жаралуусу” деп баа берген. 2021-жылы башкаруу таптакыр башка логикага өтүп, чечим кабыл алуунун бир гана борбору аталганы жана жоопкерчилик вертикалдык түрдө катаал тартиптешип, аткаруу ылдамдыгы абдан тездегени жазылган. Натыйжада 2020-жыл менен 2025-жылдагы көрсөткүчтөр арасында болуп көрбөгөндөй айырма байкалган.
“Кыргызстандын ИДПсы 1,98 трлн сомго жетип, 5 жыл ичинде үч эседен ашык өстү. 2025-жылы реалдуу өсүш 11,1%ды түзүп, бул он жылдыктын башындагы төмөндөөдөн чыгып, аймактагы экономикасы өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн катарына кошулганынан кабар берет. Өзгөчө курулуш сектору экономикалык өзгөрүүлөрдүн айкын көрсөткүчү болуп берди. 2020-жылдагы кескин төмөндөөдөн туруктуу кеңейүү фазасына өттү. Тармактын дүң өнүмү 2025-жылы 438,5 млрд сомду түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 21%га өскөн. Мында сөз турак жай курулушу эле эмес, жолдор, инженердик инфраструктура, социалдык жана энергетикалык объекттер баштаган узак мөөнөттүү эффективдүү капиталдык салымдар туурасында да болуп жатат.
Негизги капиталга инвестициялар да туруктуу өсүүдө. 2020-жылы кескин кыскарган бул көрсөткүч 2025-жылы 280 млрд сомдон ашты. Бул бир жолку секирик эмес, толук кандуу инвестициялык цикл калыптанып жатканын билдирет”, - деп улантты автор Вано Вурдули.
Интернет басылма Кыргызстандын эл аралык резервдери 2020-жылдагы 3 млрд доллардан 2025-жылга карай 8 млрд доллардан ашык өскөнүнө көңүл буруп, жагдайды тышкы тобокелдиктерден сактана турган калканч деп атады. Мында өлкө өндүргөн алтынга маани берип, беш жыл ичинде өлкө кампасында алтындын көлөмү 50–52 тоннага, ал эми жалпы баасы 3,5–3,8 млрд долларга бааланганы айтылган. Бул албетте валюталардын олку-солкулугуна жана геосаясий тобокелдиктерге туруктуулукту күчөттү.
“Артта калды” деп эсептелген өлкө өз тагдырын өзү чечүү мүмкүнчүлүгүн кайтарып алды
Ошондой эле чет элдик басылмадагы макалада Кыргызстандын Тажикстан жана Өзбекстан менен чектерин такташып алганы, жагдай түштүк аймактардагы чыңалууну азайтып, инвестициялык өсүшкө өбөлгө түзө турган соода жана логистика шарттарын жакшыртканы да баяндалган. Садыр Жапаровдун бийлиги татаал аймактык маселелерди саясий-дипломатиялык ыкмалар менен чече аларын көргөздү.
“Жапаровдун беш жылдык башкаруусу дүйнөлүк соода жана логистикалык чынжырлардын кайра түзүлүү учуруна туш келди. Мындай жагдайда Борбор Азия периферия эмес, байланыш мейкиндиги катары карала баштады. Кыргызстан бул логикага чөлкөмдүк каттамдардын транзиттик элементи жана узак мөөнөттүү энергетикалык долбоорлордун катышуучусу катары акырындык менен интеграцияланууда”, - деп баалады автор.
Макаланын автору, чоң сыноо али алдыда экенин белгилейт. Вано Вурдули жетишилген ийгиликтердин көбү саясий эрк жана борборлоштурулган башкаруу аркылуу мүмкүн болгонуна басым жасап, Кыргызстан топтолгон күчүн узак мөөнөттүү аймактык лидерликтин факторуна айлантып, эң динамикалуу өнүккөн жана институционалдык жактан туруктуу мамлекеттердин катарына кошула аларын айтат. Ал 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүү стратегиясынын кабыл алынышы кризиске каршы башкаруудан системалуу пландоого өтүүнү тастыктаганын кошумчалаган. Бул стратегия ишке ашырылса, ийгиликтер туруктуу тенденцияга айлануусуна толук мүмкүнчүлүк бар дегенди билдирет.

Грузин маалымат агенттигинде жарыяланган макалага карата Кыргызстандын Франциядагы элчиси Садык Шер-Нияз жылуу пикирин билдирди. Элчи буга чейин реформа, өнүгүү десе эле Грузияны мисал кылып келгенибизди, эми ошол жактын ЖМКлары Кыргызстан тууралуу жазып, баа берип жатканын сыймыктануу менен окуганын айтат.
«Биз дипломатиялык чөйрөдө, кээде грузин кесиптештерибиз менен тамашалаша кетебиз. Өзгөчө мамилебиз ушунда. Мен Экинчи дүйнөлүк согушта кыргыздар менен орто азиялыктар Москваны Волоколамск шоссесинде коргошкон дейм. Алар, Жеңиш туусун көтөргөнүн айтышат. Алар да тоолору менен сыймыктанышат. Мен болсо, Генацвале тоо эмес экенин, кыргыздар андайды дөбө деп коерун айтып, чыныгы аска-зоолорду, кырларды көрөм десеңер, Кыргызстанга келгиле дейм. Тамаша иретинде болсо да, биздин мамиледе кандайдыр бир атаандаштык болуп турат.
Кесиптешим Кыргызстандын экономикасындагы, паракорлук, уюшкан кылмыштуулук менен күрөштөгү ийгиликтери жөнүндө жазылган макаланын шилтемесин мага өзү жибергенде, абдан кубандым.
Дүйнөдөгү таасирдүү басылмалардын ондугуна кирген «Bloomberg» жакында эле жарыялаган макаланы да белгилегим келет. Ал жакта да Кыргызстан “секирикке даярданган илбирс” менен салыштырылган. Мунун баары республика үчүн чоң мааниси бар.
Дал ушундай макалалар өлкөнүн имиджин түзүп, инвесторлордун ишенимин арттырат. Туруктуулук жана коопсуздук бар аймак туура бааланса, ал жакка бизнес келет.
Учурда эл аралык басма сөздө чыгып жаткан макалалар терең анализге негизделген. Олуттуу талдоочулар бир нече жылдан бери биздин экономикалык өнүгүүбүзгө көз салып келишет. Кыргызстан өнүгүүнүн жаңы этабына кирип жатканын баары түшүнүп турат жана бул албетте кубандырат.
Албетте, мындай макалалардын Грузияда чыгып жатканы жагымдуу. Алар бизди баалап, позитивдүү өзгөрүүлөрдү көрүп жана белгилеп жатышат”, - деди Садык Шер-Нияз.