Грант утуп ал! Баткенде ишкерлер үчүн сынак жарыяланды

Аймак Загрузка... 06 Август 2025 17:15
491732311_3543497559292695_8466315660755382315_n.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 06.08.25. /Кабар/. Баткенде жеке ишин баштагысы же кеңейткиси келген жарандардын грант утуп алуусу үчүн "Мекеним "1+1" пилоттук программасынын алкагында сынак жарыяланды. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, бул Баткен облусунда жашап, Улуу Британиядагы Сезондук жумушчулар программасы аркылуу иштеп келген, же жакын үй-бүлө мүчөсү — жубайы, ата-энеси, же 18 жаштан жогорку балдары ошол программага катышкандар үчүн эң жакшы мүмкүнчүлүк.

Белгиленгендей, гранттын максималдуу суммасы 340 миң сомго чейин. Катышууну каалагандар 2025-жылдын 16-августу, саат 24:00гө чейин өтүнмө бере алат.

Өтүнмө берүү үчүн төмөнкү шилтемени басыңыз:

Бизнести баштоо

Бизнести кеңейтүү

Эскертүү:
– талаптарды кылдаттык менен окуп чыгыңыз;
– 50 пайыз жеке салым кошуу милдеттүү;
– каржылык сабаттуулук жана ишкердик боюнча окуу талап кылынат;
– тандалган катышуучулар менен 5 жыл бою мониторинг жүргүзүлөт.